тарбиялык иштер

Ж.Ашымов атындагы №20 Арал жалпы орто билим берүү мектебинин тарбия иштеринин 2020-2021-окуу жылына карата тарбиялык иштер боюнча жылдык анализ.
Окуу жылынын башталышында өсүп келе жаткан жаш муундарды тарбиялоонун концепциясын иш жүзүнө ашыруунун негизинде атайын тарбиялык иш планы иштелип чыгып администрация тарабынан текшерилип бекиттирилди. Тарбиялоо-бул коомдун мүдөөлөрүнө жана муктаждыктарына жараша адеп-ахлак сапаттарын калыптандыруу боюнча максатка багытталган ченемдүү иш. Окуучулар менен иштешүү канчалык кызыктуу болсо ,ошончолук татаал түйшүктүү. Айрыкча азыркы ааламдашкан заманда окуучулар менен иш алып баруу өтө кылдат мамилени талап кылат. Мугалим ардактуу кесип деп бекеринен айтылбаса керек. Анткени биз адам менен иш алып барабыз,а нын ден соолугу, акыл-эси ,мүмкүнчүлүгү ,эрки, атуулдук жана интеллектуалдык турпаты,турмуштагы орду,бактысы бизге ,биздин билимибизге байланыштуу.Ошондуктан биз тынымсыз изденип ,окуучулардын алдында кемчилик кетирбешибиз керек.
Тарбия берүүнүн максаты: Окуучуларды нравалык маданиятка, патриоттуулукка ,кыргыз элинин каада-салттарын пайдаланып тарбия берүүгө жетишүү
Милдети

-БУУнун балдардын укуктары жөнүндө ковенциясына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тарбия берүү системасынын негизги шарты катары балдардын укуктарын камсыз кылуу.
-Элдик нарк-насилдер аркылуу тарбия берүү жаштардын атуулдук позициясын түзүү
-Кыргыз элининадептик-жана рухий-ыймандык дөөлөттөрүбүздү сактоо менен окуучуларды нравалык тарбия берүүгө жетишүү
-Коомчулук жана ата-эне менен байланышты чындоо менен окуучулардын билим сапатын жогорулатуу.
-Окуучулар менен эстетикалык, спорттук жана экологиялык тарбия иштерин улантуу;
-Окуучулардын интеллектуалдык женгээлин жогорулатуу

Көйгөй:
«Ар бир окуучунун жекече өзгөчөлүгүн эске алуу менен окутуу жана дифференциялаштыруу».
-Социалдык тармактардык жайылышы , окуучулардын ал тарапка жипсиз байланышы
-Ата-энелердин чет жактарга иштеп кетиши, балдардын кароосуз башка адамдардын колунда калышы.
S-жакшы
1. Класс жетекчилер өз классындагы окуучулардын кулк-мүнөзүн билишет.
2. Окуучулар менен тил табыша билет.
3. Тарбиялык саатарда талапка ылайык ыкмаларды колдоно алышат.
4. Сапаттуу тарбия берүүгө умтула алынат. W-чабал жактары
1. Класс жетекчилердин учурдагы иштерди убагында аткарбай калышы.
2. Тарбиялык иштер боюнча усулдук колдонмолордун аздыгы.
3. Айрым ата-энелердин мектеп менен байланышынын солгундугу.
O-мүмкүнчүлүктөрү
1. Убакытты туура пайдаланса болот.
2. Ата-энелер менен дайыма байланышып турууга мүмкунчүлүгү бар.
3. Чыгармачылык менен изденип иштөөгө, билимин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар T-коркунучтары
1. Окуучулар менен тил табыша албай калуусу.
2. Ата-энелердин колдобой коюшу
3. Ата-эненин балдарынын билим тарбия алуу жаатына кызыкдарлыгынын жоктугу.

SWOT анализ төмөндөгүдөй келип чыкты.
Дүйнөдө жана өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу 2020-2021-окуу жылынын 1-чейреги аралыктан окутуу менен башталды. 1-11-класстын класс жетекчилери тарбиялык иштер боюнча план түзүлүп бекиттиришти. Сабак онлайн окутуу форматы менен башталгандыктан, класс жетекчилер тарбиялык сааттарды видео сабак даярдап өткөрүүгө аракет жасашты. Видео сабактарды INSHOT, WATTS aPP, VIDEO ShOY, PowerPoint, KineMaster программалары менен жасап окуучуларга жиберип жатышты. Ал эми январь айынан баштап толук кандуу офлайн форматта окуу башталып, класс жетекчилер жуманын биринчи күндөрү окуучуларга тарбиялык сабактарды өтүштү.
Жыл башында окуучулардын жалпы санын тактоодо ,класс комплектилерин тактоодо бардыгы 367 окуучу,анын ичинен кыз балдар 198. Жыл аягында 368 окуучу болду. 18 класс комплекси бекип, ар бир класска класс жетекчилер бекитилди. Окуу убактысы белгиленип ,класстар эки сменага бөлүштүрүлдү.Ар бир кабинетке экиден класс 1-2-смена боюнча берилди. Класс жетекчилер өз предметине жараша ар бир класска бекилди. Класс жетекчилер тарабынан окуучулар жөнүндө жалпы маалымат алынды .Ар бир окуу жылына ылайыкталган класс жетекчинин журналы таркатып берилди. Таалим-тарбия иштерин жүргүзүүгө багыт берүүчү журналдагы бөлүмдөргө класс жеткечилер тарабынан толтурулду. «Кут билим» сабакка чыккан тарбиялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча тогуз багыт жана дагы бир багыт Көлдөн чыккан жети аке болуп он багыт менен жылдык план иштелип түзүлдү. Жаны окуу жылынын тарбиялык планын түзүүдө тарбия иштеринин негизги багыттары жөнүндө төмөндөгүдөй бөлүктөргө бөлүү менен түзүлдү.

1. Адеп-ахлактык тарбиялоо;
2. Жарандык тарбиялоо;
3. Мекенчилдикке тарбиялоо
4. Жаратылышты сүйүүгө тарбиялоо;
5. Көп маданияттуулукка тарбиялоо
6. Сергек жашоого тарбиялоо;
7. Үй бүлөлүк тарбиялоо;
8. Эстетикалык багытта тарбиялоо.
9. Жети аке
10. Эмгекке тарбиялоо

1.Адеп-ахалактык тарбия берүү: – адамдын коомдогу моралдык аң-сезимин жашоодогу максатка жараша калыптандыруу, ызааттуу жүрүм-турум көнүмүштөрүн пайда кылуу, ошондой эле өз элинин үрп-адаттарынын прогрессивдүү үлгүлөрүн сактоого, байытууга, башка улуттардын салтын урматтоого тарбиялоо. Жогоруда айтылгандай эле бул багытта «Жолдо жүрүү эрежелер», «ϴрт коопсуздугу», «Карылар айын өткөрүү», «Адам көркү-адеп», 3-декабрь майыптар күнү», «Ыймандуу адам-көлөкөлүү дарак», «Адамга эн кыйыны-күн сайын адам болуу», «Ырыс алды-ынтымак», «Улууну урматтоо-кичүүнү ызаттоо», «Энелер күнү» деген темалар камтылган. Бул темаларды класс жетекчилер окуучуларга ар кандай методдор менен түшүндүрүүгө аракет жасашты.
2.Жарандык тарбия берүү: балага коомдук турмушуна өзү менен тажрыйба алууга мүмкүндүк берүү, бул өзүнун жана Кыргызстандын келечеги үчүн жоопкерчиликти алууга даяр жана жөндөмдүү жарандардын калыптануусуна алып келет. Ушунун негизинде «Менин сүйүктүү Кыргызстаным», ϴϴБу айлыгын өткөрүү», «Менин укугум жана милдетим», «Баланын укгу жөнүндө конвенция», «Эл аралык эне-тил күнү», «Сабырдын түбү-сары алтын», «5-март Ак калпак күнү», «Апрель революциясынын курмандыктары, кесепеттери тууралуу эмне билебиз», «5-май Конституция күнү» деген темада тарбиялык сабактарды класс жетекчилер эн жогоркуу баада өтө алышты.
3.Мекенчилдикке тарбиялоо: Жаштарды мекенчил кылып тарбиялоонун дагы бир булагы бул –тил. Байдылда акын таамай айткандай: «эне-тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт». Ушул сыйымдуу бир сап ичинде бүтүндөй мекенчил сезимдин чен белгиси жатат. Ушунун негизинде «Арыбай кылымдарды карыта бер, ардагым ата мурас кыргыз тилим», «Жаш жоокер», «Менин Мекеним Кыргызстан», «Коррупцияга каршы күрөшүү», «Экстремизм, Терроризимге каршы күрөшүүнү бирге чечели», «21-Февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү», «3-март Мамлекеттик туу күнү», «Манас-кыргыз элинин туу чокусу», «9-май Жениш-күнү» деген темаларда реферат, эссе, дил баян жана ошондой эле сүрөт конкурсу да байма-бай уюштурулуп турду.
4.Жаратылышты суйүүгө тарбиялоо: балдарды жаратылышты сүйүүгө, анын байлыктарын кылдат пайдалануга жана аны коргоого тарбиялоо зарылдыгы белгиленген. Ушунун негзинде «Жаратылыш жан досум», «Жаратылыш белеги», «Түшүм майрамы», «Суу өмүр булагы», «Булганган абанын жаратылышка тийгизген таасири», «Ысык-Көлүбүз Мекенибиздин ыйыгы жана бермети», «Мен жаратылштын жандуулугуна суктанам», деген темада класс жетекчилер видеоролик, конкурс, дил баян, тегерек стол, ушуну менен катар эле сүрөт конкурстары уюштурулуп, женүүчүлөр аныкталып, грамоталар менен сыйланышты. Ал эми жашылдандыруу айлыгында мектептин айлана чөйрөсүн тазалоо, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мугалимдер гүл аянтчаларын иретке келтирилип көрктөндүрүү иштери жүрүгүзүлүп турат.
5 .Көп маданияттуулукка тарбиялоо: бул багыт боюнча «Жети атасын билбеген жетесиз кул», «Динге болгон менин мамилем», «Улуттар биримдиги-улуу байлыгыбыз», «Жаны-жыл жалпы майрам», «Кыргызстан көп улутту өлкө», «Салам сага санжыралуу ноорузум» деген темада видеороликтер, тарбиялык сабактар өтүлдү. Ал эми пандемияга байланыштуу Жаны-жыл кечеси өтүлгөн жок.
6. Сергек жашоого тарбиялоо: Жыл ичинде «Сергек жашоого тарбиялоо» боюнча иш планы түзүлүп бекитилген. Мында класс жетекчилер төмөндө берилген темадагы класстык сааттарды өткөрүшөт. Алар «Спорт-тынчтыктын элчиси», «ϴздүк гигиена», «Жугуштуу оорулардын алдын алуу (сарык, гелмиттер, COVID)», «Биз ВИЧ, СПИДге каршыбыз», «Туура тамактануу», Тамеки, насывай-өмургө зыян», «ϴспүрүм курактагы эркек балдардын жана кыздардын гигиенасы», «Мак, бангизат, наркомания өмүргө зыян». Бул сабактар атайын көрсөтмө курадар менен жабдылып, ангшемелешүү, диспут, мээге чабуул, дил баян, эссе, ж.б түрдүү методикалар менен өтүлдү. Кээ бир сабактар видеофильмдерди көрсөтүү менен жыйынтыкталат. Окуу жылынын башында жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында бруцеллез, сарык, гелминттер, кызамык, ботулизм сыяктуу оорулардан сактануу иретинде ФАПтын кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул багыт боюнча ар бир класс өзүлөрүнун активдүүлүгүн көргөзүшүп СПИД кунүнө, кургак учук айлыктарына, тазалык күндөрүнө карата плакат, стенгазета, буклеттерди чыгарышты. Окуучулар сергек жашоонун маанисинин тереңдигин, турмушка өтө зарылдыгын, келечек үчүн максат кылууну алдыларына коюшат.. Чындыгында эле эгерде бала спорт менен машыгып турса, анын дени дагы сак, эч жери оорубаса, көңүлү дагы ачык болуп, жашоого койгон максаты да ойдогудай болот, келечекке койгон тилеги дагы орундалат. Ал эми бала спорт менен кызыкпаса, бир жери ооруп турса, ал баланын жашоого дагы кызыгы болбойт да.
7. Үй бүлөлүк тарбиялоо: Окуу жылынын башында 28.08.21-ж ар бир класста ата-энелер чогулушу болуп өттү жана ата-энелер комиттетери шайланды. Ар бир класс жетекчи ата-энелерди сабакка катыштыруу боюнча раписание түзүшүп, ата-энелердин байланыш дептерлерин уюштурушту. Ата-энелер чогулушу кырдаалга байланыштуу 1-2-чейректе онлайн түрдө өтүлдү. Абал тынчыган сон кийинки чейректерде санитардык абалды сактоо менен ата-энелер чогулушу өтүлүп жатты. ϴткөрүлгөн чогулушта окуучулардын жүрүм-туруму, окуу куралдары, тартиби, формасы, окуудагы ийгиликтери, ата-энелердин байланышы, уюлдук телефон бербөө, көзөмөлдү күчөтүү талкууланат. Ушуну менен катар эле быйылкы окуу жылында «Ата-энелер университети» уюштурулуп талапка ылайык иш жүргүзүлүп турду. Мында ата-энелерге атайын лекция сабак, семинар, тренингдер өтүлдү. Семинарда балдарды тарбиялоонун усулдары, азыркы өспүрүмдөрдүн кулк-мүнөзү, жүрүш-турушуна карата лекция, пикир алышуулар болуп турду. Атайын иш кагаздар жазылып, фото отчеттор тиркелген.
Ата-энелер менен байланыш башталгыч класстарда эн жакшы жолго коюлган. Ар бир окуучуда ата-энелер менен уюлдук телефонго байланыш ватсаптары ачылган. Жумасына 3,4 ата-эне келип баласынын сабактарына катышып класс жетекчиси менен байланышып турат. Ал эми жогорку класстарда 5-6-класстарда да жакшы, 9-11-кластарда ата-энелер мектепке көп келишпейт. Окуу жылынын февраль айында тарбия иштеринин уюштуруучусу менен соцпедагог менен бирдикте окуучулардан жана ата-энелерден ананимдүү анкета алышты жана анын негизинде ар бир көчөлөргө рейд жүргүзүлүп окуучулардын үйдө түзүлгөн шарты, окуу курадарынын сакталышы, бош убактылдарын кандай пайдалана тургандыгы текшерилди. Окуу жылынын аягында жалпы мектептик ата-энелер чогулушу болду. Жылдык жыйынтык чыгарылып, ата-энелер жайкы каникул мезгилинде балдарынын коопсуздугун өз жоопкерчилигине ала тургандыктары тууралуу проткол жазылып ар бир ата-энеге кол койдуруп алынды.
8. Эстетикалык багытта: кошумча билим берүү уюмдарында сабактан тышкаркы убакта окутуп-тарбиялоо процессинин алкагында өздүк-көркөм чыгармачылык менен байланышып чеберчилигин, табитин, шык жөндөмүн ойготуу аркылуу ишке ашат. Ушунун негизинде «Күз периси», «Жаны жыл жалпы майрам», «Аскердик патриоттук ырлар сынагы», «23-февраль Мекенди коргоо күнү», «8-март аялдардын эл аралык майрамы», «Мен Кыргызстандыкмын жана аны менен сыймыктанам», «Энелер күнү» темада мээге чабуул, диспут, конкурс, тарбиялык сабак, дил баян, ыр, бий конкурстары өтүлдү.
9.Жети Аке Жылдын башында план түзүлгөн. Ар бир ай сайын ар бир аке жөнүндө тарбиялык сааттар өтүлүп акелердин учкул сөздөрүнүн мааниси жаш өспүрүмдөрдүн тарбиялануусуна жол көрсөтөт.Жети аке боюнча 11-класстын класс жетекчиси Андасованын, 10-класстын класс жетекчиси Кенжебаеванын тарбиялык сааты эн жогорку денгээлде өтту. Эжей өзү тарых мугалими болгондуктан көптөгөн маалыматтарга ээ болушту. Ушуну менен бирге Капарова, Исаевалардын сабактарын да айта кетсек болот.
10. Эмгекке тарбиялоо: Окуучуларды эмгекке тарбиялоодо окуу жылынын башында мектеп участкасында себилген гүлдөрдү сугаруу жана үрөндөрдү жыйноо иштери жүргүзүлдү. Ар бир класстын өзүнө тиешелүү участокторунр жыйнап, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул багытта мектепте аткарылып жаткан иштерин жыйынтыктары ар бир жумалык линейкада чыгарылып турду. Бул иштерден тышкары окуучулар ийрим иштерине тартылган. Райондук, областык конкурстардан тапшырмаларды аткарууда айрым окуучулар активдүүлүгүн көргөзүп кол өнөрчүлүк, 21-кылымдын интеллектуалдары ж.б конкурстарынын активдүү катышкан окуучулар болду.
Мугалимдер журналдарды толтурушуп, 10 багыт боюнча тарбялык сааттарды мыкты денгээлде өтүштү. Ал эми мыктынын ичинен мыктысы тандалып, 7-а класстын класс жетекчиси Капапрова Айгүл эжей болду. Эжей сабактарды ар кандай метеддор менен кызыктырып өттү. Жасаган иштери да районого жиберилип атты. Ал эми эжей менен катарлаш эле 7-б кл Класс жетекчи Урмамбетова Г. 9-б класстын кл жет; Исаева Э. 9-а класстын класс жетекчи Тилек кызы Г. 5-б класстын класс жетекчиси Султанбаева Р. болду.
Жыл ичинде мектепте тартип,тазалык,форма,жетишүү,катышуу ж.б. окуучулардын иш-чараларын көзөмөлдөп туруу үчүн дежурствонун графиги бекитилди. Коопсуздук техникалык эрежелерин сактоо боюнча директордун чарба боюнча орун басары Маданбеков Нурбек агай тарабынан окуучуларга маалыматтар берилди. Эмгекти сактоонун эрежелерин түшүндүрүү иштери мектептин кол эмгек мугалими Саркушева Айнагулгө жүктөлдү.Жол эрежелерин ,өрт, табигый кырсыктар коопсуздугун сактоо иш-чаралары класс жетекчилер жана дене тарбия мугалимине тапшырылды жана талапка ылайык иш жүзүнө ашырылды..
Мектептеги жана класстардагы өзүн-өзү башкаруусунун курамы түзүлдү жана алардын алып баруучу иш-чаралары пландаштырылды.Окуучулардын бош убактысын туура пайдалануусу үчүн атайы кружоктор ачылды.
Мектеп кабинеттеринин тазалыгы ,эстетикалык көркөмдүгү текшерилип, жылуулануусу колго алынып,класстык бурчттарды жаңылантып,кошумча графаларды кошуу менен чыгарылды.Мектеп ичиндеги тазалык, тартип, балдардын формасына талап, мебелдердин сакталышы, китептпердин абалы, класстан тышкаркы иш-чаралар,класстык таалим-тарбия иштери көзөмөлдө болуп,мектеп иштерин жакшыртуу иш-аракеттери жүргүзүлдү. Эн таза, жашылдандыруусу эн мыкты класс деп география классы аныкталды. Ал класста 5-б класс окуйт, класс жетекчиси Султанбаева Р.
Мектеп парламенти тарабынан «COVID-19» оорусуна каршы күрөшүү. «Таза тиш», «Бруцеллёзду алдын алуу» , «Самын менен дос бол», «Насывай жана анын зыяндуулугу» сабактарынын пландары түзүлүп ,1-11-класстар арасында ден соолук сабактарын өткөздүк.
Даталуу күндөр да өз деңгээлинде уюштурулуп турду.
Жумалык линейкалар өз убагында отулуп,дежур класстардын отчеттору талкууланып,өзун-өзу башкаруу системасы парламент иштери алгылыктуу журуп жатат.
Мектеп президенти Мырзабекова Айжан парламент кабинетинин жана иш-кагаздарынын топтому менен сапаттуу иштейт.
Ар бир отулгон парламент заседаниясынын токтомдорунун негизинде маданий –массалык,спорттук иш-чаралар отулот.
5-7-класстар арасында футбол боюнча мектептин биринчилиги өтүлдү.
Воллейбол боюнча отулгон зоналык мелдеште жогорку класстын окуучулары 2-орунду ээлешти.
Ар бир ай сайын түнкү рейддер мектептин ИДНинин жардамы менен класс жетекчилер менен окуучулардын үйлөрүнө рейд жасалып турду.
«Акыркы коңгуроо»салтанатына мектеп администрациясы мугалимдерди, окуучуларды онлайн видеотүрмөк менен жогорку деңгээлде куттуктады.
«1-Июнь—балдарды коргоо күнү» иш-план боюнча мектеп администрациясы тарабынан онлайн түрдө уюштурулду.
Ал эми жыл ичиндеги жетишкендиктерибизди айта кетсем. Райондук, областык конкурстардан 1-2-3 орундарга ээ болдук.
Алар: «Жүрөгүмдө Кыргызстан» республикалык интеллектуалдык сынак-викторинасына 9-11-класстын окуучулары катыша алышты. «Жүрөгүмдө Кыргызстан» республикалык интеллектуалдык сынак-викторинанын инстаграммдагы баракчасынан экинчи орундун женүүчүсү болуп 11-класстын окуучусу Мырзаева Айым болду. Класс жетекчиси Андасова Алме.
«Мугалимдер күнүнө» арналган республикалык сырттан өтүүчү аймак таануу видеоролик сынагы өткөрүлдү. 5-11-класстын окуучулары «Мугалим! Балалыктын чыныгы жолдошу», «Мугалим биздин сыймыгыбыз, биздин үлгүбүз», «Мугалим менин жашоомдо», «Мектептеги менин сүйүктүү мугалимим» аттуу темада видеорепортаж жасашты. Мыкты роликтер тандалып Республикага жиберилди. Республикадан эн жакшы катышкандыгы үчүн үч окуучубуз грамота менен сыйланышты. Алар 9-а классынын окуучусу Мырзабекова А, 9-б классынын окуучусу ЭсенгелдиеваН, 10-классынын окуучусу Акматкалиева А.
Ал эми 11-класстын окуучусу Мырзабекова Айым областтык «XXI кылымдын интеллектуалдары» кароо –сынагында 2-орунду ээледи.
Республика боюнча «Мен Кыргызстандыкмын, мен аны менен сыймыктанам» аттуу областык кароо сынакта Комуз чертүү боюнча 9-б класстын окуучусу Калыева Айжанат 3-орунга ээ болду.
Республика боюнча «Улуу Ата Мекендик согуштун 76 жылдыгына» карата «Согуш ырын ырдайбыз» аттуу кароо сынактан 6-б класстын окуучусу Орозалиева Мадина . 11-класстын окуучусу Мажитова Мырзайым активдүү катышкандыгы үчүн грамота менен сыйланышты.
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ата-эне мектеби боюнча эн мыкты иш чара видеотүрмөк сынагын өткөрүү боюнча 9-б класстын класс жетекчиси Исаева Элнура активдүү катышкандыгы үчүн «Ыраазычылык кат!» менен сыйланды.
Окуучулар мамлекеттик экзамендерди онлайн түрүндө ийгиликтүү аякташты.8-10-класстарынын эмгек практикасы уюштурулду.Мектеп окуучуларынын ата-энелери тарабынан жайкы эс алуусу туурасында маалымат алынды.Окуу тарбия иштери боюнча пландалган иштердин бардыгы өткөрүлдү.Мектеп ремонту ийгиликтүү ,өз убагында бүттү деп ойлойм. Мектеп окуучулары келечекте биздин кылымдын татыктуу кадрларынан болушуна мектеп администрациясы көмөк көрсөтө бермекчибиз жана жаңы окуу жылына коюла турган максаттар төмөнкүлөр:

1.Кылмыштуулукту болтурбоо иш-чараларын күчөтүү.
2.Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу.
3.Укуктук тарбия берүү боюнча инновациялык методдорду колдонуу.
4. Мектептин материалдык –техникалык базасын чыңдоо.
5. Залдарды жашылдандыруу,көрктөн- дүрүү.Мектептин ички жана сырткы тазалыгын сактоо.
6. «Кыздар кеңешинин» ишин күчөтүү, «Тобокел» тобундагы балдардын ата- Энелери менен тыгыз байланышты болуу жана алардын санын азайтуу.