Биз жөнүндө

Ж.Ашымов атындагы №20 Арал жалпы орто билим берүү мектебинин тарыхы
1921-жылы башталгыч класс уюшулган. Окуу Калкан деген кишинин үйүндө жүргүзүлгөн. 1927-жылы мектеп курулган. 1952-1953-жылдары орто мектеп болгон. 1997-жылдан бери Ж.Ашымов атындагы №20 Арал жалпы орто билим берүү мектеби деп аталып келет.
Жаны мектеп эксплуатацияга 2010-жылы берилген
Дубалы — кирпичтен.
Мектептин жалпы аянты – 39982 м2
Долбоордо канча окуучуга ылайыкталган — 250.
Ж.Ашымов атындагы №20 Арал жалпы орто билим берүү мектеби негизинен Ысык Кѳл облустук юститция башкармасы тарабынан каттоодон ѳткѳрүлгѳн. 2009-жылы 24- декабрда Юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон ѳткѳрүлгѳн. Сериясы ГПР № 0079085
1927-жылы мектеп курулган. Мектеп жетекчиси Төлөнов Бекбосун. 1939-1947-жылдары 7 жылдык мектеп болгон, директор Жаӊыбаев Омор.
1947-1949-ж- директор Коӊурбаев Чынтемир
1949-1952-ж-директор Сыдыков Акимкан.
1952-1953-жылдары орто мектеп болуп ачылган. 1951-жылы Арал аймагындагы сегиз айылдын балдары жатып окуш үчүн 9-10-класстарынын окуучулары үчүн мектеп интернаты курулуп ишке берилген. Бул интерната Токтоян,Тогузбай,Тасма, Долон, КошДөбө ,СарыДөбө, МиӊБулак айылдарынан окуучулар келип жатып окушкан. 10-жылдык орто мектеп Арал айылында гана болгон. Директор Мырзалиев Кыдырмыш
1953-1954-ж-директор КыдыралиевЖаӊыбай
1954-1958-ж-директор ЖаӊыбаевОмор
1958-1960-ж- директор Жумабаев Самак
1960-1962-ж-директор ДосиевАбдыкерим
1963-жылы ашар жолу менен мектепке кичинекей мастерской салынган.
1962-1964-ж-директор Мамбеталиев Акун
1964-1973- директор Сыдыков Жээналы
1970-жылы Ош -60 тибиндеги 2 корпус декабрь айында бүткөрүлүп ишке киргизилди.
1973-1979-ж-директор Кенжебаев Арык 1978-жылы мектептин ашканасы салынган.
1979-1984-ж-директор Каниметов Жанкороз
1948-1987-ж-директор Шаршалиев Эсен
1987-1993-ж-директор Сопиев Сален
1993-1999-ж- директор Суранов Абдыкан
1999-жылдан бери директор Жаӊыбаева Гүлжамал Акуновна